Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

“Оскар-2021”: “Көчмөндөр жери” эң көп сыйлык алды


Режиссер Хлоя Чжао "Оскар" сыйлыгын тапшыруу салтанатында.
Режиссер Хлоя Чжао "Оскар" сыйлыгын тапшыруу салтанатында.

Лос-Анжелесте 26-апрелде Америкалык киноакадемиянын сыйлыктарын тапшыруу аземи өттү. Бул жолу эң маанилүү категориялар боюнча "Оскар" сыйлыгынан үчөөнү “Көчмөндөр жери” тасмасы алды.

Бул тасма "Мыкты фильм" аталды, "Мыкты режиссура үчүн" режиссеру Хлоя Чжао, "Аялдын ролун мыкты аткарганы үчүн" актриса Фрэнсис Макдорманд сыйланды.

Түбү кытайлык режиссер Хлоя Чжао мыкты режиссура үчүн “Оскар” алган экинчи аял, азиялык айымдардын арасынан биринчиси болду.

“Мыкты актер” деген номинацияда “Ата” тасмасында улгайган адамдын ролун аткарган Энтони Хопкинс жеңүүчү аталды.

Пандемиядан улам сыйлык тапшыруу аземи быйыл жарым-жартылай онлайн түрдө өттү. Мисалы, америкалыктар “Долби” театрында сыйланса, АКШга бара албагандар иш-чарага өз өлкөсүнөн видеобайланыш аркылуу катышты. (KAR)

XS
SM
MD
LG