Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

COVID-19: "Спутник V" вакцинасын жашы 65тен өткөндөр алат


Кыргызстанда Орусиянын "Спутник V" вакцинасы жашы 65тен өткөндөргө сайылат. 23-апрелден тартып бул препарат менен эмдөө башталганын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги басма сөз кызматы билдирди. Биринчи болуп белгилүү хирург Мамбет Мамакеев эмделди.

Орусиянын вакцинасынын биринчи партиясы 22-апрелде 20 миң дозада келген. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бир доза 10 доллардан саналганын "Спутник Кыргызстан" агенттигине билдирген.

Премьер-министр Улукбек Марипов биринчи партиянын 15 миңи сатып алынганын, беш миңи гумжардам катары берилгенин "Фейсбукта" түз эфирге чыкканда айтты. Алгачкы партия Бишкек шаарына жана Чүй облусуна бөлүштүрүлгөнүн, башка аймактарга да жеткирилерин кошумчалады.

Кыргызстан Орусияга миллион доза буюртма берген.

29-мартта Кытайдын "SinoPharm" препараты менен эмдөө башталган. Өкмөт башчы каалоочулар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна барып вакцина алса болорун белгиледи. 23-апрелге карата 14 861 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 93 278 кишиге жукту. Анын 87 717си айыгып, Вирустан жалпы 1573 адам кайтыш болду (23-апрелдеги маалымат).

XS
SM
MD
LG