Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Прага менен Москванын дипломатиялык чатагы ырбады  


Прага. Орус элчиси Александр Змеевский Чехиянын Тышкы иштер министрлигине жолугушууга баратат. 21-апрель, 2021-жыл.
Прага. Орус элчиси Александр Змеевский Чехиянын Тышкы иштер министрлигине жолугушууга баратат. 21-апрель, 2021-жыл.

Прага буга чейин Москвадан өз дипломаттарына 22-апрель күнү түшкү саат 12-00гө чейин кызматына кайра келип, иштөөгө уруксат берүүсүн талап кылган болчу. Бул талабы аткарылбаса, анда Чехия Прагадагы орус элчилигинин кызматкерлерин жапырт өлкөдөн чыгара турганын эскерткен.

Прага белгилеген убакыт соңуна чыгып, Орусия Москвадагы чех дипломаттарынын кызматына кайтып келишине уруксат берүү талабын аткарган эмес. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул маселеде “ультиматум кабыл алынбайт” деген кыска жооп кайтарды.

22-апрель күнү түштөн өтүп, расмий Прага мындан ары кандай кадамдарга бара турганын жарыялай элек.

Чехиянын жаңыдан дайындалган тышкы иштер министри Якуб Кулханек эгерде Москвадагы чех элчилигинин ишмердиги кайра калыбына келбесе, анда ал токтоосуз түрдө чара көрүп, Прагадагы орус элчилигинин 60 кызматкери толугу менен өлкөдөн чыгарыларын жарыялаган болчу.

Чехия менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык чатактын чыгышына Прага 2014-жылы аскердик кампадагы жарылууга элчиликте иштеген орус тыңчыларынын катышы бар деген негизде 19-апрелде 18 орусиялык дипломатты Чехиядан чыгаруу чечими себеп болду. Буга жооп кайтарып, Москва Чехиянын 20 дипломатын “нон-грант персонасы” деп жарыялап, алардын Орусиядан чыгып кетүүсүн талап кылды.

2014-жылы 16-декабрда Чехиянын Врбетице кыштагында 50 тонна ок-дары жарылып, эки адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG