Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:56

Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына нааразылар акцияга чыгышты


Бишкектеги акция. Видеодон алынган скриншот.
Бишкектеги акция. Видеодон алынган скриншот.

Бир нече партиялардын өкүлдөрү 22-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдына митинг өткөрүп, Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты.

Алар шайлоодо административдик ресурс колдонуу жана добуш сатып алуу жапырт орун алганын белгилешип, кайрадан шайлоо өткөрүү зарылдыгын билдиришти.

Митингчилерге БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов чыгып, нааразы болгондордун арыз-дооматы каралып жатканын, убагы келгенде жыйынтык чыгарыларын маалымдады.

20-апрелде «Улуу Журт», «Айкөл Кыргызстан», Коммунисттер партиясы, «Улукман», ДДК, «Бүтүн Кыргызстан», «Бийлик элге», «Жашылдар» жана «Тынчтык» партиялары басма сөз жыйынын өткөрүп, борбордогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан. Алар Бишкектеги шайлоодо 4-орунду алган «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын каттоосун жокко чыгарууну талап кылышкан.

11-апрелдеги шайлоодо Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 25 партиянын талапкерлери ат салышты. Баштапкы жыйынтык боюнча, алты партия 7% чектен өткөн. Алар «Эмгек» партиясы , «Ак Бата», НДПК, «Ата Журт Кыргызстан», «Ынтымак» 7 жана «Биздин эл» партиялары.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелдеги жыйында НДПК партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алды. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны «добуш сатып алууга» айыптаган документтери негиз болду.

Буга байланыштуу добуштардын жыйынтыгы кайрадан эсептелиши мүмкүн. Аймактык шайлоо комиссиясы соңку жыйынтык 2-майга чейин чыгарын маалымдаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG