Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:00

Путин элге кайрылуусунда чет элдик ыктымал "чагымдар" тууралуу эскертти 


Орусия. Москва. Президент Владимир Путин. 21-апрель, 2021-жыл.
Орусия. Москва. Президент Владимир Путин. 21-апрель, 2021-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Федералдык жыйын менен Мамлекеттик Думанын кошмо жыйынында 17- жылдык кайрылуусу бул жолу өлкөнүн ичиндеги жана тышкы саясатка байланыштуу кризистик кырдаал курчуган учурга туш келди.

Анткени Украинанын чыгышына аскер күчтөрүн топтоштуруунун айынан Батыш менен Орусиянын мамилеси чыңалып, тирешүү чегине жетип турган чакта Владимир Путиндин бул кайрылуусу эл аралык деңгээлде кызыгуу жаратты.

Ал эми өлкөнүн ичинде Путиндин кайрылуусу оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын боштондугун талап кылган нааразылык чаралары башталган маалга туш келди.

Ошондой эле быйыл күзүндө Орусияда Мамлекеттик думага шайлоо өтөт.

"Биздин коопсуздугубузга коркунуч келтирүүнү максат кылган чагымчылар буга чейин болуп көрбөгөндөй катуу өкүнүп калаарын эскерте кетмекчимин", - деди Путин.

68 жаштагы КГБнын мурдагы офицери болгон Владимир Путин Орусияны 1999-жылдан бери премьер-министр жана президент катары башкарып келе жатат.

XS
SM
MD
LG