Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:10

Райондук сот Бакир Таировду күнөөлүү деп таап, айып салды


Бакир Таиров.
Бакир Таиров.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын мурдагы башчысы Бакир Таировду коррупцияга күнөөлүү деп тапты. Ал мамлекетке 265 миң сом айып төлөмөй болду. Чечим 21-апрелде чыкканын "Азаттыкка" райондук соттон билдиришти.

Бакир Таиров 2020-жылы октябрдагы парламенттик шайлоо үчүн мамлекеттик мекемелерден акча чогулткан деген шек менен 10-декабрда кармалган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 17-февралда үй камагына чыгарылган.

Бакир Таиров же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнөн азырынча комментарий алууга мүмкүн болгон элек. (SE)

XS
SM
MD
LG