Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов тогуз партиянын «Ата Журт-Кыргызстанга» карата нааразылыгынан улам "Азаттыкка" комментарий берди. Анда бул партия каттоодон мыйзамга ылайык өткөнүн айтты:
«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы «Эл биримдиги» деген ат менен 1999-жылы, дээрлик 22 жыл мурда катталган экен. Кайра каттоо деген бул саясий партиянын шайлоого катышуусун чектебейт. Атын өзгөртсө болот, лидерин алмаштырса болот, саясий кеңешинин курамын жаңыласа болот, кыскасы партияларда толук укук бар. Болгону шайлоого чейин алты ай мурун каттоодон өткөн болушу керек».
Нааразы тарап буга чейин «Ата Журт-Кыргызстанды» каттоодо мыйзам бузулган деген негизде аймактык, андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган. Партиянын бардык шаарларда өткөн шайлоолор үчүн каттоосун жана добуштарын жокко чыгарууну талап кылган.
«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын ишмердүүлүгүнө карата «Улуу Журт», «Айкөл Кыргызстан», Коммунисттер партиясы, «Улукман», ДДК, «Бүтүн Кыргызстан», «Бийлик элге», «Жашылдар» жана «Тынчтык» партиялары нааразы болуп жатышат. Алар партия мурда башкача аталышты алып жүргөнүн, мыйзамсыз атын өзгөртүп алганын билдиришүүдө. Мыйзамга ылайык, саясий уюм шайлоого алты ай калганга чейин катталышы керек.
11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Анын расмий жыйынтыгы 2-майга чейин жарыялана турганы айтылган. (NT)