Жогорку Кеңеште саясий буйрук аткарган соттордун, прокурорлордун, тергөөчүлөрдүн аракетине укуктук баа берүү маселеси көтөрүлдү.
Парламенттин тармактын комитетинин соңку жыйынында депутат Наталья Никитенко былтыркы жыл үчүн отчет берип жаткан башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, эгер мындай баа берилбесе коомдогу ишенимге доо кетерин эскертти:
"Мыйзамсыз, саясий чечимдерди чыгарган тергөөчүлөргө, прокурорлорго, сотторго баа берилиши керек. Эгер алардын ишине баа берилбесе, коомдун ишеними азаят".
Мындай сунушту бир катар депутаттар колдоп чыкты.
Ушул айда Бишкектин Биринчи май райондук соту "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду "Мегаком ишине" байланыштуу актаган. Алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.
Октябрь окуяларынан кийин түрмөдөн чыккан президент Садыр Жапаровдун иши кайра кароого жөнөтүлүп, көп өтпөй эле акталган. Ал дагы Атамбаев бийликте турганда 2017-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган.
Ошондой эле мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын "лицензия" тууралуу иши кайра кароого жиберилди.
Ушул жылдын февраль айында Жогорку сот "Элдик парламент" бирикмесинин мүчөлөрү Бекболот Талгарбековдун, Марат Султановдун жана Толубай Колубаевдин ишин токтоткон. Алар "Бийликти күч менен басып алуу", "Бийлик өкүлүнө карата күч колдонууга даярдануу" беренелери менен соттолгон.
Талгарбеков менен Колубаев 14 жылга, Султанов 10 жылга кесилген. Алар мындан эки жыл мурун мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган.
2016-жылы март айында "бийликти басып алууга даярданган" деген негизде кармалган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда абактан бошотулган. Учурда алардын соту бүтө элек.
Октябрь окуяларынан кийин Алмазбек Атамбаев айыпталган "Батукаев ишине" байланыштуу сот өкүмү жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилген.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана башка кызмат адамдары айыпталган Улуттук тарых музейине, ипподромго байланыштуу иштер дагы кайра кароого жөнөтүлгөн.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев акталган адамдар арыз жазса, мыйзам бузган укук коргоо органдарынын кызматкерлери жазага тартыларын билдирди.
"Мыйзамсыз чечим чыгарган сот, мыйзамсыз чечим кабыл алган тергөөчү сөзсүз жооп бериши керек. Акталган адамдар, укугу кордолгон адамдар арыз менен сөзсүз кайрылышы керек. Муну эл өкүлү катары да айтып жүргөм, азыр прокурор катары да айтам. Биз жазага тартканда буйрук аткарбай калат. Буйрукту аткарбай мыйзам чегинде иштейт, мыйзамды туу тутат. Бул маселе боюнча позициямды өзгөрткөн жокмун".
Зулушев 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген. Ал мүчө болгон соттук коллегия учурда бийликте турган Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди, Талант Мамытовду актаган чечим чыгарганы менен белгилүү. Зулушев бул чечими үчүн кийин кызматтан алынган.
Бишкек шаардык соту "Ата-Журттун" үч депутатын актап, сот залынан бошотту. "Азаттыктын" архиви. 17-июнь, 2013-ж.
Экс-президент Аскар Акаевдин учурунда жети жылга соттолуп, беш жыл абакта отурган мурдагы премьер-министр Феликс Кулов 2005-жылы 25-марттагы революциядан кийин акталган. Ал абактан чыккандан кийин соттордун, прокурорлордун үстүнөн арызданган эмес.
"Мен депутат болгондо бир жолу сотко талапкер болуп мурдагы прокурор келиптир. Бир депутат "бул Куловду отургузган, өткөрбөйбүз" деп айтты. Мен кечиргенимди айттым. Эмнеге кечирдим? Анын баары аткаруучулар, кандай буйрук берсе ошону аткарат. Аткарбаса иштен кетирет. Маселенин өзөгү бийликте. Ошондуктан мен аларды жазалоого каршы болчумун. Бирок, канча убакыт өтсө да сабак болгон жок. Эми жазалаш керек".
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев саясий буйрукту бийлик башындагылар берет деп аны аткара берүү шылтоого айланды деп эсептейт.
"Бизде бийлик өзгөрүп, президент келип-кетип жатат. Бирок, саясий буйрутма менен иштеген соттор, прокурор, тергөөчүлөр өзгөрбөй калууда. Ошол себептен укук коргоо органдарына ишеним аз. Биз буйрутма менен иштеген кызматкерлерди жумуштан четтетип, жоопко тартмайынча ишенич пайда болбойт".
Ушундай эле пикирди Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Акылбек Жапаров айтты.
"Буйрутма менен иштеген кишилерди ачыкка чыгарбасаңыз улана берет. Дагы бир кыйынчылык болуп кала турган болсо өз башыбызга тиет. Ошондуктан туура эмес иш жасаган прокурорлордун, саясий буйрук аткарган соттордун тизмесин алып чыгып, мындан ары органдарда иштегис кылып койбосо, булардын кесепети элге, саясатчыларга гана эмес, кесипкөй, ишин так аткарган, таланттуу кызматкерлерге да тийип жатат. Саясий буйрук аткаргандар кызматынан тез көтөрүлүп кетип, карьера жасап, көп кесипкөйлөр кетип калууда".
"Адилет" укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупованын баамында, саясий буйрук аткарган сот, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жазага тартууга соттолгон, акталган саясатчылардын өздөрү кызыкдар эмес.
"Кыргызстанда сот системасы көз каранды. Акталып чыккандар сүйлөшүү же саясий кырдаалдан улам акталгандар. Ошондуктан унчукпай отура беришет. Ал эми бийликте тургандар убагында соттогон сот, прокурор, тергөөчүлөрдү эмнеге жоопко тартпай жатканын өздөрүнөн сураш керек. Мен азыр Кыргызстанда эч нерсени түшүнбөй калдым".
Эгемен Кыргызстандын тарыхында улам бийликке келген режимдин саясий атаандаштарын куугунтуктап, жасалма кылмыш иштери аркылуу түрмөгө отургузган учурлары көп болгон.
Акаевдин тушунда саясатчылар Феликс Кулов, Топчубек Тургуналиев, журналист Замира Сыдыкова жана башкалар абакта отурган. Бакиевдин учурунда Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкулов, Ишенбай Кадырбеков жана башка бир катар белгилүү адамдар камалган. Ошондой эле 30дан ашык буйрутма адам өлтүрүү болгону айтылып келе жатат.
Бакиев учурунда абакта жатып чыккан Сапар Аргынбаев башында турган «Саясий туткундарды коргоо комитети» Атамбаев президент болуп турганда 30дай адам саясий негизде камалганын билдирген.