Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:42

Бишкек: НДПК партиясы шайлоодон четтетилди


НДПК Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо жети пайыздык чектен өткөн алты партиянын ичинен маарага үчүнчү болуп келген.
НДПК Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо жети пайыздык чектен өткөн алты партиянын ичинен маарага үчүнчү болуп келген.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелдеги жыйында НДПК партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алды. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны "добуш сатып алууга" айыптаган документтери негиз болду.

“Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү 11-апрелдеги “добуш сатып алуу” фактысын иликтеп, анда добуш сатып алган адамдар НДПК партиясы менен байланышы бардыгы тастыкталган”, - деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, НДПК мындай чечимге макул болбосо үч күндүн аралыгында Боршайкомго кайрылышы керек.

Шаардык кеңешке шайлоодо НДПКнын тизмесинин сап башында турган Илим Карыпбеков добуш сатып алуу тууралуу дооматтарды негизсиз деп атады:

“Эч далилсиз, кайсы бир тараптын пайдасына чыгарылган чечим, буга макул эмеспиз. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылабыз”.

НДПК Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо жети пайыздык чектен өткөн алты партиянын ичинен маарага үчүнчү болуп келген. Партияны Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов сүрөөнгө алганы тууралуу сөз бар. НДПКны атайын кызматтын генерал-майору Артур Медетбеков негиздегени белгилүү.

XS
SM
MD
LG