Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

Коронавирустан дагы алты бейтап көз жумду


Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын кызматкерлери. Бишкек.
Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын кызматкерлери. Бишкек.

Кыргызстанда 19-апрелге карата дагы алты бейтап коронавирустан көз жумду. Илдет соңку бир суткада дагы 212 адамдан аныкталды.

COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдан кабарлашкандай, көз жумгандардын экөө Бишкекте, төртөө Чүй облусунда.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий саны 92 095 адамга жетти. Алардын 87 056сы айыгып, 1555и көз каза тапты.

Акыркы суткада оору аныкталгандар:

-Бишкек шаарында - 152;

-Чүй облусунда - 22;

-Ысык-Көл облусунда - 18;

-Нарын облусунда - 12;

-Ош шаарында - 4;

-Ош облусунда - 2;

-Жалал-Абад облусунда - 2.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июлда курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрда көз жумгандар катталбай калган.

Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, кышында илдетти жугузуп алгандар кыйла азайган. 2021-жылдын март айынан бери ооругандар жана каза болгондор кайра көбөйдү. Адистер оорунун болжолдуу үчүнчү толкуну май-июнь айларына туура келерин айтышкан.

Оору менен күрөшүү учурунда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны төрт жарым миңге чамалайт. Алардын жүздөн ашууну каза болду.(SE)

XS
SM
MD
LG