17-апрелге карата коронавируска каршы күрөш жаатындагы дүйнөдөгү кабарлардын чакан топтому.
Дүйнөдөгү калк саны эң көп эки өлкөнүн бири – Индияда 17-апрелге карата бир күндө 234,000ден ашуун киши “COVID-19” илдетине чалдыкканы катталды.
Коронавирустун дагы бир жаңы толкуну менен күрөшүп жаткан бул өлкөдө, ошентип, терс рекорд жаратылды.
Индиянын Саламаттык сактоо министрлигинин 17-апрелде жарыялаган маалыматы боюнча, коронавируска жалпы чалдыгуу учурларынын саны 14,5 миллионго жетти. Анын алдында АКШ гана турат (АКШда 32 миллиондон ашуун кишиге бул алааматтуу илдет жуккан).
Индиядагы рекорддук көрсөткүч акыркы тогуз күндүн ичинде улам көкөлөп өсүп келди.
17-апрелде борбор шаар Нью-Дели дем алыш күндөрү жарым-жартылай карантиндик чектөөлөрдү киргизди.
Өлкөдөгү 240 миллиондой калайык жашаган Уттар-Прадеш штатында бардык айылдар жана шаарлар 18-апрелден тартып карантинге алынат деп жарыяланды.
Өлкөдөгү оппозиция Индияда тастыкталган үч вакцина өндүрүлүп жаткан маалда да коронавирус илдетинин жайылышын токтото албай жаткан өкмөттү сынга алууда.
Тасма. "Таблиг-и жамааттын" өкүлдөрү карантинге алынды.
Түштүк Азия өлкөлөрүндө коронавирустун улам тездеп жайылышы алардын бул эпидемиядан буйтап кутулуп кетем деген үмүтүн ойрон кылды.
Ушул айда эле Индияда 2 миллиондон ашуун жаңы учур катталды.
Чөлкөмдөгү Бангладеш менен Пакистан карантин чараларын киргизүүгө аргасыз болушту.
Эмдөө боюнча дүйнөлүк лидерге айланган өлкө – Гималайдагы чакан Бутан падышалыгында 15-апрелге карата 477, 638 киши алгачкы эмдөөдөн өттү (бул – өлкөдөгү эрезеге жеткен кишилердин дээрлик 95 пайыздайы эмделгенин айгинелейт).
Бутандагы биринчи болуп вакцина сайдырган айым – Нинда Дема калган мекендештерин падышалыктагы эмдөө өнөктүгүнө жигердүү катышууга чакыргандыгы “Твиттер” жана башка коомдук тармактар аркылуу байма-бай чагылдырылды.
Европага келсек, Германиянын канцлери Ангела Меркел айым коронавируска каршы вакцинанын биринчи ийнеси менен эмделгендигине кубанып жатканын айтты.
Анын 16-апрелде эмдөөдөн өткөнү тууралуу Федералдык өкмөттүн басма сөз катчысы жана Федералдык басма сөз кызматынын башчысы Штеффен Зайберт “Твиттерде” жарыялады.
Меркел айымдын: “Мен эмдөө өнөктүгүн уюштурууга катышкандардын бардыгына жана эмделгендердин бардыгына ыраазычылыгымды билдирем. Эмдөө – бул пандемиядан чыгуунун ачкычы”, – деп айтканын Зайберт мырза белгиледи.
66 жаштагы канцлер айымга Германияда 60 жаштан жогорку жаштагы карыяларды эмдөөдө колдонулуп жаткан “AstraZeneca” вакцинасынын алгачкы ийнеси сайылды. Меркел айым эмдөөдөн өткөн дүйнөлүк лидерлердин тизмесине кошулду, бирок ал өзүн эмдөө учурун ободо түз көрсөттүргөн жок.
Европа Парламентинин Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча комитети Европа Комиссиясынын вакциналарды жактыруунун бюрократтык амалдарын жеңилдетүү жаатындагы сунушун дээрлик толугу менен колдоп добуш берди.
Демек, келечекте коронавируска каршы эмдөө затын чыгарган өндүрүүчүлөр өзү сунуштаган вакциналарды биротоло жактыруудан өткөрүүсү үчүн Европанын Дары-дармек агенттигине азыркыдан азыраак маалымат беришмекчи.
Бул токтомго Европа парламентинин жалпы отурумунда жашыл жарык берилет деп күтүлүүдө. Добуш берүү апрель айында өтүүсү күтүлөт. Мындан тышкары, мүчө мамлекеттердин Кеңеши дагы бул токтомго өз макулдугун бериши абзел.
Коронавируска каршы кытайлык “CoronaVac” дарызаты коронавирустун өлүмүн 80%га төмөндөтөт. Чилидеги дарыгер изилдөөчүлөр өлкөнүн калкына февраль жана март айларында эмдөө жүргүзүү боюнча маалыматтарды талдап чыккандан кийин дал ушундай жагымдуу тыянак чыгарышты.
Изилдөөнүн бул жыйынтыгын Чили өкмөтү жарыялады.
Борбордук Азияда Өзбекстан бийлиги коронавируска каршы айрым карантиндик чектөөлөрдү 18-апрелден тартып күчөтүү тууралуу чечим кабыл алды.
“SARS-CoV-2” пандемия башталгандан бери дүйнө жүзү боюнча 140 миллиондон ашуун кишиге бул илдет жуккан жана 3 миллиондон ашуун киши анын айынан кайтыш болгон. 119 миллиондон ашуун бейтап бул илдеттен айыгып кетти.