Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:02

Активист министр Бейшеналиевге каршы прокуратурага даттанды


Kyrgyzstan Bishkek Umay Arykova civil activist
Kyrgyzstan Bishkek Umay Arykova civil activist

Активист Умай Арыкова саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну өтүнүп Башкы прокуратурага арыз жазды.

Бул тууралуу Арыкова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, арыз 16-апрелде Башкы прокуратурага онлайн түрүндө жазылды. Анда ал баш прокурор Курманкул Зулушевден министрдин уу коргошун боюнча айткандарына укуктук жана юридикалык баа берүүнү талап кылган.

Умай Арыкова министрдин аракетине "Саламаттыкка атайлап зыян келтирүү" беренеси менен баа берүү керек деп эсептейт.

"Буга чейин деле онлайн арыз жазып келгем. Алар мага жооп беришкен. Азыр да жооп бериши керек. Дүйшөмбүдө ушундай эле арызды УКМКга өз колум менен алып барып тапшырам. Анткени, министрдин жоругу - улуттук коопсуздукка коркунучтуу. Эл тундурманы ичип, жапырт ууланып, арты жаман менен аякташы мүмкүн. Буга бардык жарандар кайдыгер карабашы керек. Кырдаалды түшүнгөн, билими бар кишилер. Арызды көбүрөөк адам жазса жакшы болмок".

Активист министрдин аракетин сындап, анын иш билги адис экенинен күмөн санап жатат.

15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Көп өтпөй анын социалдык тармактагы расмий баракчаларына бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыялаган. Анын сыртында "Уу коргошун" деген жазуу бар.

16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы билингенин айтып чыкты.

Министр журналисттердин алдында уу коргошундун тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин белгиледи.

Кыргызстандын коомчулугунда бул аракетти сындагандар да, колдогондор да бар.

Латынча Aconítum soongáricum чөбү өлкөдө уу коргошун деген аталыш менен белгилүү. Аны рак жана башка ооруларды дарылоодо табыптар колдонуп келген. Бирок ага медицинада тыюу салынган. Социалдык тармактардын колдонуучулары өлкөдө уу коргошун ичип каза болгондор бар экенин жазып жатышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уу коргошун коронавирусту дарылоодо натыйжалуу экенин четке какты.(NT)

XS
SM
MD
LG