Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:18

Баткен: Калайман мушташтан жабыркаган төрт окуучунун экөө ооруканада жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде окуучулардын калайман мушташынан жабыркаган төрт баланын экөө ооруканада жатат. Бул тууралуу 16-апрелде “Азаттык” радиосуна өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 15-апрелде Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов атындагы орто мектебинде болгон. Калайман мушташ учурунда жараат алган төрт окуучуга облустук ооруканада медициналык жардам көрсөтүлгөн. Алардын экөө ошол күнү үйүнө чыккан, экөө жактырылган. Баарынын абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп мүнөздөп жатышат.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Иликтөөнүн жүрүшүн облус башчысы Өмүрбек Суваналиев жеке көзөмөлүнө алды.

Бир нече күн мурда Каракол шаарында да окуучулардын калайман мушташы чыгып, мээсинен операция болгон бир окуучу азыр ооруканада жатат. (JsA)

XS
SM
MD
LG