Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:22

Азыркы окуу жылы 25-майда аяктайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Кыргызстанда бардык жалпы билим берүү мекемелеринде окуу жылы 25-майда аяктайт. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, мындай чечим коронавирус пандемиясынын шартында окуучулардын саламаттыгын коргоо максатында кабыл алынды.

Тогузунчу жана он биринчи класстар арасында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 2-12-июнда өтөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы бейтаптар 2020-жылдын мартында каттала баштагандан тартып мектептер аралыктан иштөөгө өткөн жана окуу жылы онлайн жыйынтыкталган. Жаңы окуу жылы башталганы онлайн окуу жарым-жартылай токтотулган.

Адатта окуу жылы 1-сентябрда башталып, 31-майда жыйынтыкталчу.

Коронавирус өлкөдө 90 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңи каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG