Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Насыя карызы үчүн өзүнө өрт коюуга даяр аялдардын акциясы уланууда


Пригородное айыл өкмөтү. 2021-жылдын 15-апрели.
Пригородное айыл өкмөтү. 2021-жылдын 15-апрели.

Милиция Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын атайын тосмого алды. “Азаттык” радиосунун кабарчылары жеринен маалымдагандай, 15-апрелде он чакты аял айыл өкмөтүнүн жанына чогулуп, насыя маселесин чечип берүүнү өтүнүштү жана эгер талабы аткарылбаса өзүнө өрт коюуга чейин барарын билдиришти.

Алардын айрымдары имараттын ичинде отурушат, кээ бирлери үстүнө бензин чачып, жанына от жандыруучу каражаттарды алып отурганы белгилүү болду.

Өзүн Уркуя деп тааныштырган аял буга чейин үч күн Өкмөт үйүнүн алдында пикет өткөрүшкөнүн, аларга эч ким көңүл бурбаганын, акцияны "Эне Мекен" уюму уюштуруп жатканын, ага республиканын бардык аймактарында насыясын төлөй албай жүргөн аялдар мүчө экенин айтып берди. Пандемия учурунда жумушсуздук күчөгөнүн, ошонун айынан эл насыяларын төлөй албай кыйналып жатканын белгилеп, банктардын насыя боюнча пайызын төмөндөтүү же болбосо такыр жоюп салуу талабы коюлуп жатканын билдирди.

Акциянын катышуучуларынын дагы бири, өзүн Минабар деп тааныштырган аял "Насыя төлөй албай, оор турмушка туш болгон аялдар отурушат. Бирөөнүн 42 жаштагы уулу муунуп өлүп алган насыяны төлөй албай. Анын төрт-беш баласы калды. Андайлар Кыргызстанда толтура. Менин уулум да пандемиянын алдында "Спринтер" сатып алам деп насыя алган. Анан чек ара жабылып, жумуш токтоп калды. Спринтерди сатса акчасы аз болуп калды" деп айтты.

Акциянын катышуучулары менен вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков жолугушту. Ал аялдар мыйзам бузуп жатканын, себеби айыл өкмөтү мамлекеттик имарат болгондуктан алардын аракети басып алуу катары бааланарын белгиледи.

Соңку маалыматка караганда, Кармышаков акциянын эки катышуучусун өкмөт башчы менен сүйлөшүүгө алып кетти.

Өлкөдө 22 коммерциялык банк бар, чакан насыя уюмдарынын саны 140тын тегерегинде.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 2019-жылы 600 миңден ашуун кыргызстандык жалпысынан 30 миллион сомдон ашуун (355 миң доллар) суммага насыя алган. Бул акчанын көпчүлүк бөлүгү айыл чарбасына жана жеке муктаждыктарга берилген.

Башкы банк 2020-жылдын март айына карата кыргызстандыктардын коммерциялык банктарга насыя карызынын жалпы суммасы 152 миллиард сом экенин маалымдаган. (JB/RK)

XS
SM
MD
LG