Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Райттын окуясы: Миннеаполисте нааразылык акциялары токтой элек


АКШнын Миннесота штатында 20 жаштагы Данте Райт аттуу афроамерикалык жаран полициянын огунан каза тапкандан кийин тутанган каршылык акциялары дагы деле уланып жтат.

Миннеаполис шаарында үчүнчү түнү дагы демонстранттар менен полиция кагылышты. Шаар бийлиги коменданттык саатты киргизилгенин эске салып, тоз-тополоң менен коштолгон каршылык акцилары акциялар мыйзамсыз экенин эскертти.

Көчөгө чыккандар полицияны көздөй ар кандай буюм-тайымдарды ыргытышты. Полиция аларды таратуу максатында жаш агызган газ, желим ок колдонду. Миннеаполисте коменданттык саат 13-апрелден тартып киргизилген.

Тергөө материалдарына ылайык, полиция афроамерикалык жаранды машинеси менен жол эрежесин бузганы үчүн токтоткон. Ошондо ал ибуга чейин издөөдө жүргөнү аныкталган. Райт баш бербей качууга аракет кылганда полиция кызматкери ок чыгарган.

Полиция бул окуяны «күтүүсүз кырсык» катары сыпаттап, кызматкер электрошокердин ордуна тапанчаны капысынан колдонуп алганын билдирген. Бул окуядан соң ок чыгарган кызматкер менен дагы бир адам иштен четтетилди.

Былтыр Миннесотада полиция күч менен кармаганда мерт болгон дагы бир афроамерикалык Жорж Флойддун окуясы АКШда чоң нааразылыкка себеп болгон эле.

XS
SM
MD
LG