15-апрелде Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, калган жерлерде жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 21…26;
Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 20…25;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;
Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 15…17 градус.