Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:44

АКШда "Johnson & Johnson" компаниясынын вакцинасын токтотуу сунушталды


АКШнын тамак-ашка жана дары-дармектерге санитардык көзөмөл башкармалыгы коронавируска каршы "Johnson & Johnson" компаниясы чыгарган вакцинаны пайдаланууну токтотууну штаттарга сунуштады. Буга аталган вакцина менен эмделген алты аялда тромбофилиянын сейрек түрү өнүгө баштаганы негиз берген.

"Johnson & Johnson" чыгарган вакцинаны колдонууга февралда уруксат берилген. Илимий изилдөөлөр анын натыйжалуулугун 66% деп көрсөткөн. Бул вакцинанын башкалардан өзгөчөлүгү - бир гана жолу эмдөөнү талап кылат.

12-апрелге карата вакцина менен АКШда 6,8 млн. адам эмделген. 10-апрелде дары-дармектер боюнча Европа агенттиги "Johnson & Johnson" вакцинасын саюудан тромб пайда болгон төрт учурду иликтеп жатат.

Мурдараак ушундай эле негиз менен дагы бир вакцина - Британияда өндүрүлгөн "AstraZeneca" менен эмдөө токтотулган.

Британ өкмөтү бул вакцинаны 30 жашка толо элек адамдарга сайбоону чечкен. Европадагы ооруканалар "AstraZeneca" менен эмдөөнү улантышууда. Евробиримдик вакцинанын пайдасы тобокелдикке караганда көбүрөөк экенин белгилеген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы маалыматына караганда, коронавируска чалдыккан адамдардын саны жалпы планетада 138 млн. ашты. Дээрлик 3 млн. (2 971 864) адам оорудан кайтыш болду. 111 032 185 киши айыгып чыкты.

Калкынын 32 млн. ашууну ооруга чалдыккан АКШ ооругандардын саны жагынан дүйнөдө 1-орунга чыкты. Андан кийинки орунда Индия жана Бразилия турат.

XS
SM
MD
LG