Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Мирзиёев расмий сапар менен Тажикстанга барары күтүлүүдө


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Дүйшөмбү. 2018-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Дүйшөмбү. 2018-жыл.

«Азия-плюс» маалымат агенттигинин тажик өкмөтүндөгү өз булактары билдиргендей, өзбек лидери Шавкат Мирзиёев 10-12-июнь аралыгында президент Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Тажикстанга барат.

Ушуну менен Мирзиёев президент болгондон бери Тажикстанга төртүнчү жолу барууда.

Эки өлкө лидерлери кызматташуунун бардык багыттарынын келечегин талкуулашары күтүлүүдө. Мындан тышкары Дүйшөмбү менен Ташкент транспорт, энергетика, айыл чарба, илим жана маданият тармагында жаңы келишимдерге кол коюшары пландалууда.

XS
SM
MD
LG