Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Жараксыз бюллетендер күмөн саноону күчөттү


Бишкек. 11-апрель, 2021-жыл.
Бишкек. 11-апрель, 2021-жыл.

11-апрелдеги референдум жараксыз бюллетендердин саны эң көп болгон жалпы элдик добуш берүү болуп калды. Жарандык активисттер бул көрүнүштү бийликтин ыплас ыкмасынын бири катары сыпатташты.

10-январдагы башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда 46 460 бюллетень жараксыз деп табылган. Ал референдумга 1 421 035 шайлоочу катышкан. Үч айдан кийин, 11-апрелде Конституциянын жаңы редакциясы боюнча референдумда шайлоочулардын саны 86 миңге (1 334 321) кыскарып, бирок 92 944 бюллетень жараксыз болуп чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жараксыз деп табылган бюллетендер боюнча мындай деди:

Нуржан Шайлдабекова
Нуржан Шайлдабекова

“Бул сан мен үчүн деле көп. Бирок биздин өлкөдө добуш берүүнүн купуялуулугу кепилденет. Андыктан жараксыз бюллетендер эмне себептен көп болуп жатканын айтуу кыйын. Жарандар бюллетенди атайын ниет менен жараксыз кылдыбы же ушундай болуп калдыбы айта албайбыз. Эгерде шайлоочу бюллетендеги “макул” же “каршы” деген жерин толтурбаса, же тандоосун такыр жасабаган учурда бюллетень жараксыз болот”.

Баш мыйзамдын өзгөртүлүшүнө негиз болгон референдумга каттоодон өткөн шайлоочулардын 37% гана келди. Добуш бергендердин 6,97 пайызынын бюллетени жараксыз деп табылды.

Соңку төрт референдумдагы шайлоочулардын жана жараксыз бюллетендердин саны.
Соңку төрт референдумдагы шайлоочулардын жана жараксыз бюллетендердин саны.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, эгерде референдумга каттоодон өткөн шайлоочулардын 30% катышпаса, анда референдум өттү деп эсептелбейт. Бул норма бир гана референдумга байланыштуу. Ал эми башка шайлоонун өтүп-өтпөгөңү шайлоочулардын санынан көз каранды эмес. Бирок Кыргызстандын тарыхында бийлик сүрөөнгө алган референдум өтпөй калган учур болгон эмес.

Жарандык активист Эржан Сулайман жараксыз бюллетендердин санын шайлоодогу ыплас ыкмалар менен байланыштырды.

Эржан Сулайман
Эржан Сулайман

“Менин оюмча шайлоочулардын керектүү санын камсыз кылыш үчүн жараксыз бюллетендердин санын көбөйтүштү. Анткени жараксыз бюллетендер деле добуш берген жарандардын санына кошулат. Боршайкомдун сайтындагы саат алтыдагы маалыматта референдумдагы добуш бергендердин саны 30% жете элек болчу. Саат сегизде дагы айтылган жок. Бирок кийин эле 37% чыгарышты. Ортодогу айырма 7-8 пайыз болуп жатат. Жараксыз делген бюллетендердин саны дагы ушундай. Бийлик өзү каалаган натыйжаны алды. Бирок алар кандай ыплас ишке барганын, каршы добуш бергендер көбөйгөнүн, 2 миллион шайлоочу бойкот кылганын түшүнүп калышты”.

Жогоруда айтылгандай 11-апрелдеги референдумга каттоодон өткөн шайлоочулардын 37 пайызы катышкан. Добуш берүүгө катышкандардын санын аймактарга бөлө турган болсок, анда эң төмөн көрсөткүч Бишкек шаарына туш келет.

Бул референдумга борбор калаанын тургундарынын 31% катышып, анын ичинен 60% “макул”, 36% каршы деп добуш берген. Ал эми Ош, Нарын, Жалал-Абад жана Талас облусунун тургундары референдумга активдүү катышкан.

Референдумдун баштапкы жыйынтыктары. Сүрөт Борбордук шайлоо комиссиясынан алынды.
Референдумдун баштапкы жыйынтыктары. Сүрөт Борбордук шайлоо комиссиясынан алынды.

БШКдан расмий каттоодон өтүп Баш мыйзамдын өзгөртүлүшүнө каршы турган үгүт тобунун жетекчиси Клара Сооронкулова азыркы учурда шектүү жагдайлар боюнча материал топтоп жатканын айтты.

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

“Мыйзам боюнча шайлоочулардын катышуусу добуш бергендердин санынан эсептелет. Эми жараксыз бюллетендер добуш бергендердин санына киреби же кирбейби деген маселе жаралып жатат. Анткени “макул” же “каршы” деп тандоо жасабай бюллетенин бузуп койсо, анда аларды добуш берди деп айтса болбойт. Борбордук шайлоо комиссиясы жараксыз делген бюллетендерди чогултуп туруп элге көрсөтүш керек. Антпесе ишениш кыйын. Балким референдумга каршы болгондордун бюллетенин жараксыз кылып койгондур. Негизи суроо жараткан маселе көп болуп жатат. Биз аларды топтоп туруп БШКга кайрылабыз”.

Шайлоонун эртеси Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун өкүлдөрү, КМШ миссиясы, Орусиядан келген байкоочулар Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумда олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун билдиришкен.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев жараксыз бюллетендер референдумга каршы болгондор экенин боолгоп жатат.

Акылбек Сариев
Акылбек Сариев

“Шайлоочулардын арасынан бюллетенди чийгилеп салгандар болуп эле жатпайбы. Бул эми “каршымын” деген эле сөз. Жарандык өз пикири билинбегенден кийин андай бюллетендерди жокко чыгарууга туура келет. Ал эми “бийлик тарабынан жасалды” деген айыптоо туура эмес. Анткени ар бир бюллетендин саны бар. Мындан тышкары бюллетень байкоочулардын көзөмөлүндө жараксыз деп табылат. Мындан тышкары шайлоого катышкан жарандардын тизмеси сайтка илинет. Аны текшериш оңой эле”.

Баштапкы жыйынтыкка ылайык, референдумда шайлоого келгендердин 79% ашыгы президенттик башкаруу ыкмасын колдошту.

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президент мурдагыдай бир эле мөөнөткө эмес, беш жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат жана аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт.

Мамлекет башчысынын жергиликтүү кеңештерди таркатып, райондун башчыларын дайындоого чейинки бир топ ыйгарым укуктары болот.

Мындан ары референдумду мурдагыдай Жогорку Кеңеш эмес, президент гана жарыялай алат, парламент депутаттарынын саны 120дан 90го түшүрүлөт. Мындан тышкары жаңы Конституцияда Элдик курултай өзгөчө макамга ээ болот жана “сунуш берген, кеңешүүчү, байкоочу жыйынга” айланат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG