Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:45

Бишкек: Алты партия 7% чектен өттү


Бишкек шаардык кеңеши жана мэриянын имараты.
Бишкек шаардык кеңеши жана мэриянын имараты.

11-апрелдеги шайлоодо Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 25 партиянын талапкерлери ат салышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 12-апрелдеги брифингде билдиргендей, башкалаада шайлоочулардын 32,37% добуш берди.

Баштапкы жыйынтык боюнча, алты партия 7% чектен өттү. "Эмгек" партиясы 9 мандат, "Ак Бата" 8, НДПК 8,"Ата Журт Кыргызстан" 7, "Ынтымак" 7, "Биздин эл" 6 мандат алышы мүмкүн.

Жекшемби күнү Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо болду. Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Баш мыйзамдын долбоору жалпы элдик добушка коюлду. Ага шайлоочулардын 37% ашыгы гана келип, 79% ашыгы "макул" деген добуш беришти.

Боршайкомдун билдирүүсүндө, шаардык кеңештерге мандаттар пропорцианалдуу система менен бөлүштүрүлөт.

Азыркы учурга чейин 98% шайлоо тилкелерден маалымат келди. Добуштарды саноо уланып жатат. Ага жараша жыйынтыкта өзгөрүү болушу мүмкүн. (NT)

XS
SM
MD
LG