Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:07

Референдум: Чет өлкөлөрдө үч миңден ашуун жаран гана добуш берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чет мамлекеттерде шайлоочулардын тизмесине киргизилген кыргызстандык 58 598 жарандын 3162си гана референдумга келип, добуш берди.

Тышкы иштер министрлигинин 12-апрелдеги маалыматына караганда, бардык шайлоо тилкелеринде добуш берүү жараяны таза өтүп, санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталды.

11-апрелде референдумга байланыштуу 28 мамлекетте жашап жана иштеп жүргөн кыргызстандыктар үчүн 48 добушканаачылды.

Бул ирет тизмеге киргизилген шайлоочулардын саны мурдагыдан 9 117ге көбөйгөнү айтылган.

Акыркы болуп Вашингтондогу шайлоо тилкеси 12-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 06.00дө жабылды.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өттү. Аны менен кошо Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлган.

Баштапкы жыйынтыкка ылайык, референдумда шайлоого келгендердин 79% ашыгы президенттик башкаруу ыкмасын колдошту. (NT)

XS
SM
MD
LG