Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:24

«Тажикстанда калган айылымды сагындым»


Тажикстандын Жерге-Тал (азыркы Лахш) районунун кыргызча картасы. Бул район, коңшу Мургап району менен биргеликте, 1925-жылдын 2-январына чейин Кара-Кыргыз автоном районуна таандык болгон.
Тажикстандын Жерге-Тал (азыркы Лахш) районунун кыргызча картасы. Бул район, коңшу Мургап району менен биргеликте, 1925-жылдын 2-январына чейин Кара-Кыргыз автоном районуна таандык болгон.

Теги тажикстандык кыргыздардан болгон, учурда Чүй боорунда жашап жаткан 91 жаштагы Мамазаит Боронов аксакал менен журналист, жазуучу Мирзохалим Каримов маектешет.

Тажикстандын Жерге-Тал (азыркы Лакшы) районундагы Жайылган айылынан 1996-жылы көчүп келип Чүй облусунун Ивановка айылына отурукташкан Мамазаит Боронов быйыл 91 жаштын туз-насибин татып жаткан эң бактылуу карыялардын бири.

Ал Жерге-Талда төрөлгөн. Мугалимдерди даярдоочу курсту бүтүп, 1945-жылы жаңы ачылган мектепте иштей баштаган. Дүйшөмбү калаасындагы Шевченко атындагы мамлекеттик педагогикалык институттун тарых факультетин бүтүргөндөн кийин ардактуу эс алууга чыкканга чейин кыргыз мектептеринде тарых мугалими, директор болуп иштеген. «Элге билим берүүнүн мыктысы» наамына ээ болгон.

Кыргызстанга көчүп келгенден кийин коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы, элдердин достук-ынтымагын чыңдоого кошкон салымы эске алынып, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын сунушу менен ага «Чүй облусунун ардактуу тургуну» наамы ыйгарылган.

Көчүп келген кыргыздардын арасындагы жаш курагы жагынан эң улуу карыя менен дидарлашып, баарлашкан элек.

- Мамазаит ата, сизди тарыхый мекениңизге тагдырдын кандай буйругу алып келди?

- Адам өмүрүндө ар кандай күтүүсүз окуяларга, үч уктаса түшүнө кирбеген өйдө-төмөн иштерге туш болот экен. Тажикстанда бийлик талашуунун кесепетинен 1992-жылы жарандык согуш чыгып, карапайым эл беш жылга чейин өтө оор, өтө кооптуу күндөрдү башынан өткөрдү. Бул согушта башка улуттардын да баштарына оор күн түштү. Алардын ичинде биз, нечен кылымдардан бери тынч жашап келаткан кыргыздар да азап тарттык.

Боронов Мамазаит карыя Тажикстандагы бир тууган иниси Хамит Боронов менен.
Боронов Мамазаит карыя Тажикстандагы бир тууган иниси Хамит Боронов менен.

Тарыхый мекенибизге көчүп келүүбүзгө ушул согуш себеп болду. Чыдап турууга болбоду. Кулябдыктар менен каратегиндиктердин ортосундагы бийлик талашуунун оту улам алоолоп, башка аймактарды да каптап жатты.

Бул ызы-чуудан башка баш кесер топтор ыктуу пайдаланды. Өтүгүн төргө илген ырайымсыз командирлер пайда болуп, ач-жылаңач калган элди кыйноого киришти. Ал бейбаштардын адам чыдагыс кыйноолорунан нечен бейкүнөө тургундар азап тартышты. Уурулук, көз боёмочулук, ур-токмокко алуу көбөйдү. Биз мына ушундай окуялардан абдан кыйналдык. Баарынан түңүлдүк.

Буга чейин жакшы жашап турганбыз. Мен 1936-жылдан берки турмушубузду жакшы билем. Аймагыбызда электр чырагы жанып, тиричилигибиз бир кыйла оңолгон. Бара-бара радио, телекөрсөтүү, газ пайда болду. Айтор, турмушубуз барган сайын өйдөлөп турган.

Биз жашаган Жайылган айылында 300дөй үй-бүлө болсо, аларда улакка чабыла турган 50-60 аттары бар эле. Кыргыз-тажиктердин бардыгы куда-сөөк, дос болуп, ынтымактуу жашачубуз. Сен – тажик, сен – кыргыз деген бизде болгон эмес.

Кыргыздын баары тажик тилин, тажиктер болсо кыргыздардын жомогун да, макал-ылакабын да билчү. Бири-бирибизге кыз берүү, кыз алуу абдан көп болгон. Тилекке каршы күтүлбөгөн жерден ушундай уруш чыгып, булардын баары тебеленди. Кесепети тажиктерге да, кыргыздарга да тийди бул согуштун.

- Бул жактагы турмушуңуздар кандай болуп келатат?

- Тарыхый мекенибиз, кыргыз элибиз бар экенине өмүр бою шүгүр кылабыз. Келгенден бери өзүбүздү бактылуу сезип жүрөбүз. Көпчүлүгү үйлүү-жайлуу, машинелүү да болушту.

Боронов Мамазаит карыя неберелеринин арасында.
Боронов Мамазаит карыя неберелеринин арасында.

Мен өзүм 1996-жылы көчүп келгенмин. Тогуз перзентим бар. Алардан 50 небере, 65 чебере көрдүм. Жашым 91ге келип калды. Балдарым менен неберелеримдин он тогузу жогорку окуу жайларда окуп билим алышты. Бешөө жогорку окуу жайларда окуп жатышат. Үчөө медициналык окуу жайды бүтүрүштү.

Балдарым менен неберелеримдин бала-чакалары, үйлөрү бар. Турмуштары жакшы. Бул жагынан көңүлүм тынч. Кыргызстанга көчүп келгенден кийин бардыгы топтошуп, 80 жылдык юбилейимди өткөрүштү. Абдан ыраазымын аларга.

- «Туулган жердин топурагы алтын» деп бекеринен айтылбаган чыгаар. Төрөлүп өскөн айылыңыздарды сагынып жүрсөңүздөр керек?

- Кайда гана болбойлу, киндик каныбыз тамган Жайылган деген айылыбызды ар дайым эстейбиз, сагынабыз, албетте. Мунун түпкү маанисин мекенинен алыстаган же аны чын дилинен сагынган адам жакшы билет.

Төрөлүп-өскөн жердин сагынычы каның менен кошо жүгүрүп турган башкача сагыныч экен. Мурда айылыбызга бат-бат барып, моокумубузду кандырып келер элек. Бүткүл дүйнө элин ташпишке кириптер кылган пандемияга байланыштуу илгеркидей бара албай калдык азыр. Жакындарыбыздын келип кетиши да кыйын болду. Атаганат, той-тамашага, башка мааракелерге дароо бара калчубуз.

Айла канча, жипсиз байландык. Иши кылып, айылыбыз ар дайым көз алдыбызда. Ал жерде кандай жашаган болсок, бул жерде да ошондой бакубат турабыз. Бирок, жогоруда айтпадымбы, сагыныч, кусалыкка даба табуу кыйын. Жаш курагың өйдөлөгөн сайын көңүлүң ошол жакка бурулуп тура берет экен.

Мени кабар алып атайын келгениңе абдан ыраазымын. Абалым жакшы. Демдүүмүн. Карылыкка алдырып бир жылдан бери намазымды окуй албай калдым. Ага чейин беш убак намазымды калтырчу эмесмин.

- Тажикстанда жакындарыңыз болсо керек. Сагынган чыгаарсыз аларды?

- Боронов Хамит деген бир тууган иним ошол жерде калган. Айылыбызда өз күчү менен кыргыздардын тарыхый-этнографиялык музейин уюштурган. Музейинде 13 миңден ашуун экспонаттары бар.

Тажик мамлекети музейди камкордугуна алып, бир нече адамга маяна төлөй баштаган, кийинки жылдарда.

Бул иним - абдан сабаттуу, мээнеткеч. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Ал деле өмүр бою мугалим болуп иштеген. Бир нече мамлекеттик сыйлыктарга ээ. «Элге билим берүүнүн мыктысы», «Эл мугалими» деген наамдары бар. Жашы 85ке барып калды.

Хамит Боронов Жайылган айылында уюштурган музейине баш баккан жердештери менен.
Хамит Боронов Жайылган айылында уюштурган музейине баш баккан жердештери менен.

Ал ардактуу эс алууга чыккандан кийин деле музейдин ишин жүргүзүп келатат. Андан тышкары бир кызым да ошол жерде жашайт. Экөөнүн тең турмуштары жакшы. Катташа албасак да, телефон аркылуу тез-тез сүйлөшүп турабыз.

- Жерге-Талдагы айылдардын аттары өзгөрүп, тажик тилинде аталып калганы тууралуу маалыматыңыз болсо керек?

- Бул тууралуу укканмын. Кийинки учурларда мектептерде кыргыз тили сабактары кыскарып, тажик тили сабактары көбөйтүлгөнүн айтып жүрүшөт.

Мейли, кыргыздар тажик тилинде болобу, орус тилинде болобу, эне тилдерин унутпай билим ала беришсин. Бул жагынан менде эч бир каршылыгым жок. Кайсы тил болбосун билип алышканынын зыяны жок.

Ал эми кыштактардын тажикче аталышы жөнүндө айта турган болсом, тажик туугандар ушуну туура көрүп, тарыхый аталыштарды өзгөртө башташыптыр. Бул бир чети туура эмес дейм. Ал аталыштар тарыхта кандай болсо, ошондой кала берет баары бир.

Биздин айылыбыз Жайылгандын да атын өзгөртүшүптүр. Бирок, эл мурдагыдай эле Жайылган деп атап жүрүшөт. Мейли, аман болушсун ылайым.

- Көчүп келгенден бери арадан чейрек кылым өтүптүр. Бул жердеги эл-журт менен биротоло аралашып, жуурулушуп калгандырсыздар?

- Бул жагынан абдан жакшы деп айтар элем. Мисалы, менин неберемдин бири Кочкорго келин болду. Нарындан келин алдым.

Мамазаит Бороновдун байбичеси Гүлнара Мотокеева кесиби боюнча мугалим, өмүр бою жергеталдык балдарды окуткан.
Мамазаит Бороновдун байбичеси Гүлнара Мотокеева кесиби боюнча мугалим, өмүр бою жергеталдык балдарды окуткан.

Көчүп келгендердин жүздөн ашууну жергиликтүүлөргө кыз беришти, алардан кыз алып куда-сөөк, бир туугандай болуп калышты. Жаңы келген жылдары тил жагынан кыйналган болсок, азыр адабий тилден анчейин аксабай калдык.

Тажикстандын жакшы жагын телекөрсөтүүдөн көрсөк же радиодон уксак сүйүнөбүз, жаман жагына кабатыр болобуз.

Ылайым Кыргызстандын да, Тажикстандын да асманы ачык, заманыбыз тынч болсун деп тилеймин.

Аңгемелешкен Мирзохалим Каримов.

XS
SM
MD
LG