Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:09

Роза Отунбаева: Июнь окуясы боюнча биздин да айта турган сөзүбүз бар


Ошол кездеги мамлекет башчы Роза Отунбаева 2010-жылдын 18-июнунда Ош облусуна барган.
Ошол кездеги мамлекет башчы Роза Отунбаева 2010-жылдын 18-июнунда Ош облусуна барган.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн да айта турган сөздөрү бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал «Super TV» каналындагы маегинде июнь окуясын иликтеп чыгуу тууралуу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча журналисттин берилген суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Ошол сөздөрүбүз ачыкка чыкса кандай болот - аны ким билет? Мейли Жапаров же Ташиев болсун «кара жашикти» ачпагыла деп кеңеш берет элем. Убактылуу өкмөт эл аралык коомчулуктун чоң салымы менен аракет жасап бул ишти жапканбыз», - деди Отунбаева.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 2010-жылдагы Оштогу июнь окуясындагы материалдарды иликтөөнү тапшырган.

2010-жылдагы июнь окуясында 400дөн ашык адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай жаракат алганы, 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19унун тагдыры дале белгисиз экени айтылып келатат.

Башкы прокуратуранын буга чейинки маалыматына ылайык 2010-жылкы июнь окуясы боюнча жалпы 5 642 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 360 иштин бети ачылган. Мунун 319у сотко жөнөтүлүп, 511 кишиге айып тагылган. 3919 иш убактылуу жана 13 иш биротоло токтотулган. 1391 иш башка кылмыш иштери менен бир өндүрүшкө бириктирилген. Ушул тапта иликтөө баскычында турган кылмыш иштери жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG