Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:39

Айзаданын өлүмү: Кызды уурдоого катышкан экинчи шектүү кармалды


Айзаданын окуясынан кийин зомбулук көргөн аялдарга арналган иллюстрация. Автору - Татьяна Зеленская.
Айзаданын окуясынан кийин зомбулук көргөн аялдарга арналган иллюстрация. Автору - Татьяна Зеленская.

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы уурдоого шектүү экинчи адам кармалды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы 8-апрелде билдирди. Маалыматка караганда, 31 жаштагы жаран азыр шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Буга чейин окуяга катышкан шектүүлөрдүн бири кармалган.

Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалып, изделип жаткан. Аны үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео Интернетке тараган.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган кишинин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Шаардык милиция шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирди. Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду.

Айзада Канатбекова Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү. (NT)

XS
SM
MD
LG