Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Bloomberg: АКШ Орусияга жаңы санкция салууга камданууда


Мурдагы хаккердик чабуул менен шайлоого кийлигишүүгө жооп кылып, Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин администрациясы орус дипломаттарын АКШдан чыгарып, жаңы санкция салууга даярданып жатат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги Ак үйдөгү ишенимдүү булактарына таянып кабарлады. Басылма азыр Ак үйдө өкмөттүк мекемелерге орусиялык хаккердик чабуулдар жана башка Москванын душмандык аракеттерин иликтеп-териштирип аяктап калганын билдирди.

Solar Winds компаниясынын программалык камсыздоосун колдонуу аркылуу жасалган хаккердик чабуул АКШнын тарыхындагы эң коркунучтуу кибер кол салуу болгону көрсөтүлгөн.

Агентиктин булагы буга жооп катары АКШ Владимир Путинге өтө жакын адамдарды жана шайлоого кийлигишүүгө түздөн-түз тиешеси болгон мамлекеттик органдар санкциялык тизмеге киргизилерин айткан.

Ошондой эле Орусиянын АКШдагы элчилиги менен консулдуктарында дипломатиялык макамга жамынып иштеген орусиялык чалгынчыларды өлкөдөн айдап чыгуу маселеси даярдалып жатканы белгиленген.

Соңку жылдардагы Орусиянын душмандык аракеттерин анализдөө Байдендин тапшырмасы менен даярдалды. Иликтөө хаккердик чабуул, Ооганстандагы АКШнын аскерлерине душмандык мамиле, шайлоого кийлигишүү жана оппозиционер саясатчы Навальныйды ууландыруунун бетин ачуу сыяктуу төрт багытта жүрдү.

Буга чейин Американын атайын кызматтары Орусиянын 2020-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү тууралуу баяндамасын жарыялган.

XS
SM
MD
LG