Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

ЖК: уурдалып өлтүрүлгөн кыз тууралуу ИИМ маалымат бериши керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жыйынында бир катар депутаттар Бишкектен уурдалып өмүрү кыйылган кыз тууралуу маселе көтөрүштү. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дастан Бекешев ички иштер министри Уланбек Ниязбековду чакырууну сунуштады. Муну "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко да кубаттады.

"Жогорку Кеңеш мамлекеттик жогорку кызматта отурган жетекчилердин ишине баа бериши керек. Бул кайгылуу окуяга кайдыгер карап, четте турбашыбыз зарыл", - деди Никитенко.

Никитенконун фракциялашы Айсулуу Мамашева бул маселени Жогорку Кеңештин төрагасынан күн тартибине киргизүүгө чакырды:

"Талант Турдумаматович, уурдалып өлтүрүлгөн Айзаданын маселесин күн тартибине сиз - спикер биринчилерден болуп киргизүүгө тийиш элеңиз. Тилекке каршы, андай болгон жок. Кыздардын маселесине кайдыгер карабайлы, Айзада карапайым адамдын кызы болгону үчүн саясаттын көлөкөсүндө калбашы керек".

Мамытов бул маселени көтөрүү мүмкүнчүлүгү депутаттарга берилгенин белгилеп, киши колдуу болгон кыздын окуясы коомдун трагедиясы экенин айтты.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 36 жаштагы жаран алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, 27 жаштагы кызды Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.

Социалдык тармактарда кызды өз убагында издеп таба албаганы үчүн милицины сындап, ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG