Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:58

Коронавирус дагы үч бейтаптын өмүрүн алды, 161 кишиден табылды


Бишкек шаары. Апрель, 2021-жыл.
Бишкек шаары. Апрель, 2021-жыл.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 дагы үч бейтаптын өмүрүн кыйды. Анын экөө Бишкекте, бири Чүй облусундагы ооруканада жаткан.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 7-апрелде билдиргендей, бир суткада вирус 161 кишиден жаңы аныкталды.

Акыркы күндөрдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла көп болууда. Оору жугузуп алгандар негизинен Бишкек менен Чүйдө көп катталып жатат.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1512 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 89 438 кишини түздү. Анын 85 496 айыкты. Акыркы бир суткада 108 бейтап сакайып чыкканы кабарланды.

Расмий маалыматка караганда, учурда 690 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Үй шартында дарылангандар 623 киши. (NT)

XS
SM
MD
LG