Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

"Ата-Бейитте" апрель окуяларынын курмандыктары эскерилди


Апрель окуяларынын 11 жылдыгына карата бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен Бишкектин четиндеги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде апрель окуясында курман болгондор эскерилди.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, иш-чарага журналисттер киргизилген жок.

Садыр Жапаров баштаган расмий өкүлдөр катышкан "Ата-Бейиттеги" иш-чаранын жабык өткөнүнө Апрель окуясында каза болгондордун жакындары нааразылык билдирип, он чакты киши жөөлөп кирип кетишти.

Алар кеткенден кийин окуяларда жакындарын жоготкон ондогон кишилер куран окуп, курмандыктарды эскеришти.

Президенттин басма сөз кызматы буга чейин Жапаров "Ата-Бейиттеги" мемориалдык дубалга жана Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл кое турганын билдирген.

Эскерүүгө экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков катышаары маалымдалган.

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя маалында 87 киши набыт болгон. Кийин жаракат алгандар арасында каза болгондордун саны артып, жалпысынан 100дөн ашуун адам жарыкчылык менен кош айтышты. (MTa)

XS
SM
MD
LG