Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Чек ара кызматы: Лейлектеги Булак-Башы айылында абал тынч


Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.
Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалыматына ылайык Баткендин Лейлек районундагы Булак-Башы айылынын тургундары Майты аймагындагы 3 гектардай жердеги жазгы айдоо иштери токтотулганына нааразы болушкан.

Лейлек районунун жетекчилиги Тажикстандын Согд облусунун Жаббор-Расул районунун бийлиги менен 2021-жылдын 24-мартында аталган аймак бир тараптуу чечилгенге чейин эч кандай чарбалык иш жүргүзбөө боюнча чечим кабыл алынганын элге түшүндүрүүдө.

Чек ара кызматы Булак-Башы айылында ок атуу болбогонун билдирет. Учурда аталган аймактагы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. (TSh)

XS
SM
MD
LG