Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:43

Абдрахмановдун күндөлүгүн ЮНЕСКОго каттоо сунушталат


Жусуп Абдрахманов.
Жусуп Абдрахманов.

Советтик жана кыргыз мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети 6-апрелде жыйынга чогулду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Улукбек Марипов төрагалык кылган жыйында Абдрахмановдун элесин түбөлүк калтырууга багытталган иш-чаралар талкууланды.

Негизинен, Жусуп Абдрахмановдун өмүрү тууралуу көркөм тасма тартуу, эл аралык илимий жыйын өткөрүү, анын ысымын президентке караштуу Башкаруу академиясына берүү, ага «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамын ыйгаруу тууралуу сөз болду.

Мындан тышкары Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн аталган уюмга кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

19-мартта президент Садыр Жапаров быйыл «Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Мааракени уюштуруу комитети түзүлүп, курамына мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, маданият жана искусство ишмерлери кирген.

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов 1901-жылдын 28-декабрында Ысык-Көл облусунда туулган. Ал Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында болуп, анын түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган. 1927-1933-жылдарда Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинини биринчи төрагасы болгон.

1938-жылдын 5-ноябрында Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон.

Абдрахманов өз элинин тарыхын изилдөөчү катары Кыргызстандын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын республиканын тарыхы боюнча алгачкы эмгеги 1928-жылы «Кыргызстан» деген ат менен жарык көргөн. 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө чындык жана акыйкат өңүтүнөн жазылган «Күндөлүгү» жана башка китептери белгилүү. (NT)

XS
SM
MD
LG