Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:45

Жапаров Орусияга авиабилеттердин баасын көзөмөлдөй турганын айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров "Инстаграмдагы" баракчасына Орусияга үзгүлтүксүз аба каттамдардын саны менен авиабилеттердин баасына байланышкан кырдаалды жеке көзөмөлүнө алганын жазды. Ал маселе татаал экенин белгилеп, бирок жагдайдан чыгуу үчүн аракеттер болуп жатканын билдирди.

“Орусияга иштеп келүүгө жол таба албай жаткан жарандарыбыз үчүн бул канчалык маанилүү экенин билип турам. Мекендештерибиз чет өлкөлөргө жумуш издеп кетпеши үчүн биз колдон келгендин бардыгын жасап жатабыз. Ипотека боюнча иш-пландар даярдалып жатат. Турак-жайы жок жарандарыбызды үй менен толук камсыз кылабыз деген аруу тилектерибиз бар. Биз сөзсүз түрдө буга жетебиз”, - деп айтылат Жапаровдун билдирүүсүндө.

Анда Орусияга аба каттамдардын санын көбөйтүү, авиабилеттердин баасын төмөндөтүү жана темир жол каттамын жандандыруу аракети болуп жатканы да белгиленген:

"Бул маселе Казакстан менен Орусиянын макулдугу менен ишке ашат. Транзитти жандандырууга казак өкмөтү бүгүн макулдугун берип, Орусиянын жообу келе элек".

Бишкек-Москва каттамындагы учак билетинин баасы эселеп кымбаттаганы тууралуу парламентте буга чейин бир нече ирээт маселе көтөрүлгөн. Өкмөт өкүлдөрү билет баасын жеке компаниялар аныктарын билдиришкен.

Өткөн айдын аягында “Манас” аэропорту эпидемиологиялык кырдаалдан улам он чакты туруктуу эл аралык аба каттам токтотулганын кабарлаган. (MiK)

XS
SM
MD
LG