Конституциянын жаңы долбоорунда президенттин укуктары эбегейсиз кеңейтилген. Бул президентти эч ким көзөмөлдөбөйт дегендик. Мындай пикирди жарандык активист Руслан Акматбек 1-апрелде “Азаттык” радиосунун "Арай көз чарай" талкуусунда айтты. Талкууда АКШнын Мамлекеттик департаменти 2020-жылы дүйнөдөгү адам укуктарын анализдеген баяндамасы тууралуу кеп козголгон.
“Биз буга чейинки өзүм билемдик кылган бийликти кандайдыр бир деңгээлде көзөмөлдөп турчубуз. Ага сөз эркиндигинин орду чоң болчу. Журналисттер көп эмгек кылган. Тилекке каршы, мыйзам бийликтин кызыкчылыгы үчүн гана иштеп жатат. Мамлекет приоритет катары адам укуктарын, эркиндигин койгон эмес. Мына “маалыматты манипуляция кылуу” мыйзамы былтыр пандемияга карабай Жогорку Кеңеште каралып жатты. Эми бийлик өзүнө карата сын-пикирлерди азайтыш үчүн бул мыйзамды кайра көтөрүп, кабыл алат. Кыргызстандын эң күчтүү потенциалы катары сөз эркиндиги менен адам укугунун сакталышы деп айтылып келген. Бирок, биз бул баалуулуктарды жок кылууга белсенип турабыз”, - деди Акматбек.
Талкууга катышкан президенттин кеңешчиси Арслан Капай уулу өлкөдө сөз эркиндигине байланыштуу кооптуу тенденциялар жок деп эсептээрин айтты.
АКШнын Мамлекеттик департаменти 2020-жылы дүйнөдөгү адам укуктарын анализдеген баяндамасын шейшембиде жарыялады. Документте Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана оюн эркин билдирүү жаатында жаралган коркунучтарга көңүл бурулуп, «Азаттык» радиосу, «Клооп» медиасы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» жүз миллиондогон долларлык коррупциянын бетин ачкан 2019-жылдагы иликтөөлөрү белгиленген.
Жарандардын эркиндигине, анын ичинде сөз эркиндигине арналган бөлүмдө Мамдепартамент кыргыз бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аралашкан иликтөөнү жүргүзгөн журналисттер кабылган коркунучтарга басым жасалган. (MiK)