Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Савай айылынын тургундары чек ара боюнча нааразылык акциясына чыгышты


Акция учуру. Сүрөт "Т-медиа" телеканалынын эфиринен алынды.
Акция учуру. Сүрөт "Т-медиа" телеканалынын эфиринен алынды.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагынын 50дөн ашуун тургуну 1-апрелде район администрациясынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршылыгын билдиришти.

Чогулгандар коңшу өлкө менен алмаштырылары айтылган 50 гектар жер айылдагылардын жайыт жери экенин айтып, аны бербей турганын белгилешти.

Акцияга чыккандар менен акимдин орун басары Капар Адиев жолугуп, талаптарды жогорку бийлик органдарына кагаз түрүндө жөнөтөрүн айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 30-мартта Өзгөндө чек ара маселеси боюнча эл менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын айтып берген. Ал Барак анклавы коңшу өлкөнүн карамагына өткөнүн жана андагы тургундарга Кара-Суу районунан жер берилерин маалымдаган.

Райондо чек ара 100 гектар Өзбекстан тарапка жыла турганын, Өзгөн, Сузак райондорунун аймагы да 1000 гектарга кеңейерин кошумчалаган.

Быйыл 24-25-мартта Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтүп, жыйынтыгында протокол кабыл алынган. УКМК башчысы Ташиев кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100 пайыз чечилгенин айткан. (MrA)

XS
SM
MD
LG