Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

Бороондон улам Бишкек-Ош, Суусамыр-Тараз жолдорунда убактылуу чектөө киргизилди


Төө-Ашуу. 01.04.2021. Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү.
Төө-Ашуу. 01.04.2021. Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү.

Бишкек-Ош жолунда тынымсыз кар жаап, бороон болуп жаткандыгына байланыштуу, жол тыгындарын алдын алуу максатында 1-апрелден тартып Токтогул районунун "Арал", Жайыл районунун "Сосновка" бекеттеринде автоунааларга убактылуу чектөө киргизилди. Чектөөлөр Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Талды-Булак айылындагы бекетке да тиешелүү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинен кабарлашты.

Учурда жолго кум себилип, тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ушул күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында, анын ичинде Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк ашууларында да кар жаап жатат. ӨКМ жарандарга зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну, ал эми тоолуу жолдордо жүргөн айдоочуларга 500 метр арылыкты сактоону эскертүүдө.

Мындан тышкары алыс жолго чыгаарда автоунаанын техникалык абалын текшерип, биринчи медициналык жардам көрсөтүүчү жабдык, чынжыр, күрөк жана башка керектүү жабдыктарын текшерип алууну сунуштаган. (MiK)

XS
SM
MD
LG