Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:26

Эки айда 1460тан ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактылары катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2021-жылдын алгачкы эки айында Кыргызстанда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 1 463 үй-бүлөлүк зомбулук фактылары катталды.

Анын ичинен Бишкек шаарында 550, Ош шаарында 62, Чүй облусунда 446, Ысык-Көл облусунда 92, Нарын облусунда 64, Ош облусунда 52, Жалал-Абадда 118, Таласта 29 жана Баткенде 50 факты.

Бул тууралуу 29-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Отурумда өкмөттүн үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш боюнча токтомунун аткарылышы тууралуу баяндама жасаган Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев үй-бүлөдөгү зомбулуктун көбөйүшүнүн айрым себептерин айтып берди:

«Былтыр коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам да көбөйүп кетти. Анын үстүнө жумушсуздук деген бар. Андан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө акчанын жетишпегенинен чыр чыгат. Кээде ичкиликтин айынан болуп жатат. Балдарын таштап миграцияга кеткен үй-бүлөлөрдө да зомбулук орун алууда».

Расмий маалымат боюнча, 2020-жылы коронавирустан улам карантин жарыяланган учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 62% көбөйгөн.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов быйыл 20-январда Жогорку Кеңештин жыйынында былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9 025 фактыны каттоого алынып, анын 947си гана сотко ашканын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG