Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:31

Жапаров: Үч ыңкылапка тең адилетсиз шайлоо себеп болгон


Мамлекет башчысы Садыр Жапаров президенттик аппараттын ишембилигинде. 2021-жылдын 27-марты.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров президенттик аппараттын ишембилигинде. 2021-жылдын 27-марты.

Кыргызстанда эгемендик жылдары бийликтин алмашуусуна алып келген толкундоолордун үчөөнө тең элдин адилетсиз шайлоого карата нааразылыгы себеп болгонун бүгүн, 27-мартта мамлекет башчысы Садыр Жапаров президенттик аппараттын кызматкерлери менен өткөргөн ишембилик учурунда айтты.

Ал аппарат кызматкерлери менен өлкөдөгү абал жана келерки шайлоолор тууралуу баарлашып, бул өнөктүктөрдү таза жана ачык өткөрүүнүн маанисин белгилегенин президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров шайлоону калыс жана таза өткөрүү тынчтыктын, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн кепилдиги экендигин белгиледи. Ошондой эле өлкөнү 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки бийлик алмашуудан бери жетектеп келе жатат. Ага чейин Кыргызстанда 2005-жылы жана 2010-жылы бийлик алмашкан. Быйыл 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Парламенттик шайлоо күзүндө болору айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG