Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

"Фейсбукта" саясий билдирүү жазып жүргөн жаран УКМКга суракка кирди


УКМКнын кабылдамасы.
УКМКнын кабылдамасы.

“Фейсбуктагы” баракчасына саясий билдирүүлөрдү жазып жүргөн жаран, Бишкектин тургуну Кундуз Ажыбекова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка кирди. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын санаалаштары кабарлады.

Ажыбекова өзү бүгүн, 26-мартта “Фейсбуктагы” баракчасына “Мен мурда өздүк баракчамда шайлоонун үгүт иштерине айрым жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып жатканын жаздым эле. Тиешелүү фактылар бар экендигин да айткам. УКМКнын тергөө кызматы сурап калса деп тиешелүү маалыматтарды ала келдим” деп жазды.

26-мартка саат 14:00гө суракка чакырылганын ал 24-мартта билдирип, чакыруу кагазы анын Бишкектин Ленин районунун жетекчилигинин шайлоо алдындагы иштерине байланыштуу "Фейсбукка" жазгандарынан кийин келгенин кабарлаган.

Атайын кызмат да, район жетекчилиги да бул боюнча комментарий берген эмес.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өтөт.

Учурда активист Тилекмат Кудайберген уулу камакта отурат, Эрлан Бекчоро уулу УКМКга сурак берип чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG