22-мартта саат 16:45те күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүүнүн очогу Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Арсы, Кочкор, Семиз-Бел жана Кара-Тоо айылдарынын айланасында болгон.
Силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
2008-жылы октябрда Алай районунун Нура айылында күчү сегиз баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болуп, айыл толугу менен кыйрап калган. (MiK)