Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:39

Элчи Клара Самат балдар үйүндөгү кыргызстандык ымыркайлардан кабар алды


Элчи Гүлнара-Клара Самат (фотодо солдо) балдар үйүндөгү кыргыз ымыркай менен. 2021-жыл, 19-март. (Сүрөт элчиликке таандык).
Элчи Гүлнара-Клара Самат (фотодо солдо) балдар үйүндөгү кыргыз ымыркай менен. 2021-жыл, 19-март. (Сүрөт элчиликке таандык).

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Москва шаарындагы балдар үйүндө - "Центральный" үй-бүлөлүк билим берүүгө көмөктөшүү борборунда тарбияланып жаткан теги кыргызстандык наристелердин абалы менен таанышты.

Орусиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунованын маалыматына караганда, бул борбордогу кыргызстандык наристелердин эң кичинекейи төрт айлык, улуусу эки жашта.

Элчи Гүлнара-Клара Самат кыргызстандык жарандардын балдарынын ден-соолугу, аларга түзүлгөн шарттар менен таанышып, наристелерди Кыргызстанга алып кетүү үчүн чечилиши керек болгон маселелер тууралуу маалымат алды.

Элчи айым балдар багылып жаткан "Центральный" үй-бүлөлүк борборунун жетекчиси Татьяна Телегинага ыраазычылык катын тапшырып, элчиликтин атынан аталган борборго жеке гигиена каражаттарын берди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвадагы балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан кыргызстандык наристелердин укугу жана аларды мекенине кайтаруу өзгөчө көңүл борборунда турганын маалымдоодо.

Кыргыз өкмөтү 2011-жылдан бери Орусияда кыргыз жарандары баш тарткан 100дөн ашуун наристени мекенине алып келген. 2014-жылы ишке кирген өкмөттүк токтомго ылайык буга жылына 1,5 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG