АКШнын президенти Жо Байден теги азиялык тургундарга каршы зордук-зомбулуктун күч алышын айыптап, америкалыктарды ар кандай расалык жек көрүүчүлүккө каршы биргелешип күрөшүүгө чакырды.
«(Расалык негизде) жек көрүү үчүн Америкада орун жок. Биз, бардыгыбыз, бул көрүнүшкө биргеликте чекит коюшубуз керек», – деди Байден.
Жума күнү (19-мартта) Жо Байден жана вице-президент Камала Харрис Жоржия штатынын мыйзамчылары жана мындагы теги азиялык болгон жамааттардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү. Бул штатта ушул аптада 8 киши өлтүрүлгөн. Набыт болгондордун көпчүлүгү азиялык тектеги тургундар болгон.
Жолугушуудан кийин Байден АКШ мыйзам чыгаруучуларын «COVID-19» пандемиясы күчөткөн расалык негиздеги кылмыштардын чечмеленишин кеңейтүүчү мыйзамдарды кабыл алууга чакырды.
АКШнын тарыхындагы теги азиялык алгачкы вице-президент болгон Камала Харрис айым Жоржия штатындагы зомбулукту АКШдагы расизмдин тарыхы менен тыгыз байланыштырып, бул кылмышты 2001-жылдын 11-сентябрындагы террорчул кол салуудан кийинки мезгилде өлкөдөгү тынч мусулмандарга каршы жасалган чабуулдар менен салыштыра кетти.
"Расизм, ксенофобия (чоочунга карата кастык) жана сексизм (башка жыныстагыга ыдык) учурлары Америкада ар дайым болуп келген, – деди Харрис. – Президент экөөбүз унчукпай туруп калбайбыз, четте кала бербейбиз. Биз зордук-зомбулукка, жек көрүүгө негизделген кылмыштарга жана басмырлоого ар дайым каршы турабыз”.
Эске салсак, өткөн шейшембиде (16-мартта) АКШнын Жоржия штатындагы Атланта шаарынын үч массаж салонунда көп кишини өмүрүнөн ажыраткан кылмыш жасалган. Кол салууга, киши өлтүрүүгө байланыштуу 21 жаштагы Роберт Аарон Лонг мырзага кылмыш иши козголду.
Кыргын азиялык америкалыктардын арасында дүрбөлөңдү пайда кылды. Алар коронавирус пандемиясы учурунда барган сайын көбүрөөк кол салуу мерчемине айланып келет.
Полициянын сурагы учурунда европеоиддик түспөлдөгү Лонг кылмышты өз мойнуна алган. Лонг мырза тергөөчүлөргө сексуалдык көз карандылык аны ушул зордук-зомбулукка түрткөн деген жеке баасын айткан.
Тергөөчүлөрдүн жоромолуна караганда, бул кылмышка барууга шектүүнүн сексуалдык бузулуусу да шыкак болгон. Киши өлтүрүү окуялары орун алган алиги массаж салондору сексуалдык мүнөздөгү кызматтарды көрсөткөн, деп айтылат. Бирок өлтүрүлгөндөр мындай кызматты көрсөткөндүгү же көрсөтпөгөндүгү тууралуу эч маалымат айтылбады.
Бир катар америкалык саясатчылар жана укук коргоочулар бул киши өлтүрүүлөрдү тымызын шыкактаган жагдайлар өлкөдөгү теги азиялык тургундарга карата кастык маанайдан улам калыптанган деп эсептешет.
АКШ Конгрессинин төмөнкү үйү – Өкүлдөр үйүнүн төрайымы Нэнси Пелоси айым 19-мартта билдиргендей, айрым зордук-зомбулук аракеттерине АКШнын мурдагы президенти Доналд Трамп колдонгон куру чечен сөздөр шыкак болгон. Трамп, маселен, «COVID-19» илдетин "кытай вирусу" жана "кунг тумоосу" деп бир нече жолу айткан (кийинки терминде «кунг-фу» кытайлык күжүрмөн күрөш ыкмасы жана англисче «флу», б.а. «тумоо» сөздөрүнүн оюну бар).
Айтмакчы, АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 18-мартта Алясканын Анкориж шаарында Кытайдын жетекчи дипломаттары менен жогорку деңгээлдеги жолугушуусу маалында Кытайдын өлкөдөгү уйгур жана башка мусулман азчылыктарына каршы аракеттерине өзүнүн терең тынчсыздануусун билдирген.
Ал эми Кытай Компартиясынын Борбордук Комитетинин тышкы иштер боюнча комиссиясынын кеңсесинин башчысы Ян Цзечи болсо АКШны өзүнүн адам укуктары боюнча көйгөйлөрүн өзү чече албай жатат деп кайра айыптап чыкты.
Эки өлкөнүн айырмасы – чет элдик сындарды Бээжин четке кагып, ШУАРдагы жергиликтүү мусулман калктарынын өкүлдөрү жөн гана кайра тарбиялануу лагерлеринде таалим алууда, деп актанып келет. АКШда болсо Ак Үй өзү расачыл жана башка кодулоо көрүнүштөрүнө каршы күрөшкө жигердүү катышууга жарандык коомду чакырууда.