Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

БШК референдумга 13 үгүт тобун каттады


Кыргыз Республикасынын Конституциясы алгач 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. Ал андан бери бир канча жолу өзгөртүү-толуктоолорго учурап, кайра да жазылып чыккан. Демилгени, адатта, бийликке келген президент сунуштайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы алгач 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. Ал андан бери бир канча жолу өзгөртүү-толуктоолорго учурап, кайра да жазылып чыккан. Демилгени, адатта, бийликке келген президент сунуштайт.

19-мартка карата Борбордук шайлоо комиссиясы референдумга 13 үгүт тобун каттады. Анын ичинен 10 топ референдумда "макул" деп добуш берүүгө үч топ "каршы" деп добуш берүүгө үгүт жүргүзөт.

Ар бир үгүт тобунда 10-15тен мүчө бар.

Кыргызстанда Конституциянын долбоору боюнча референдум 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге өтөт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 12-мартта кол койгон.

11-мартта Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорду кабыл алган. Ага жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы добуш беришти.

Кыргызстанда быйыл 10-январда референдум өтүп, президенттик башкаруу формасы тандалып алынган. Мына ушул президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын долбоорун даярдоо 10-январга чейин эле башталып, атайын Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Эми дал ушул кеңешме иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбоору боюнча өлкө жарандары 11-апрелдеги референдумда өз добушун бериши керек.

Айрым депутаттар жана жарандык коомдун өкүлдөрү Конституциянын жаңы долбоору эреже бузуу менен кабыл алынып жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип келет.

Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсунда Баш мыйзам боюнча жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болорун билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG