Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:40

Кургак учук жуктурган аскерлердин саны он бешке жетти


Кыргыз армиясы
Кыргыз армиясы

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабына тиешелүү Бишкектеги аскердик бөлүктөрдөн кургак учук жугуп, ооруканага жаткан аскерлердин саны 15ке жетти.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык кургак учук боюнча диспансердин башкы дарыгери Тамара Баялиева билдирди.

"Бишкектеги Куралдуу күчтөрдүн башкы штабына тиешелүү № 97632 аскер бөлүгүнөн 14 адам, № 7412 аскер бөлүгүнөн бир кишиден кургак учук аныкталды. Инфекцияны жуктургандар бизге келгиче невролог, терапевт сыяктуу дарыгерлерге да кайрылган экен. Азыр абалдары туруктуу, дарыланып жатышат. Оору жуктургандар дагы аныкталып, саны көбөйүшү мүмкүн".

Башкы штабдын басма сөз кызматы бул маалыматты ырастап, окуяны Аскер прокуратурасы териштире баштаганын маалымдады.

Аскер бөлүктөрүндөгү кызматкерлер, аскерлер рентген текшерүүдөн өтүштү. Оорунун жайылуусуна жооптуулар боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себебинин бири болуп эсептелет. 2016-жылы бул оорудан 1,7 миллион адам каза тапкан, анын ичинде 250 миң наристе көз жумган.

Кыргызстанда кургак учукка кабылгандардын 70% эмгекке жөндөмдүү курактагылар.

2017-жылдагы эсеп боюнча Кыргызстанда мурда бул дартка кабылгандардан тышкары биринчи ирет 5 616 адамдан кургак учук аныкталган. (BCh)

XS
SM
MD
LG