Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

ДССУнун эксперттери AstraZenecaнын айланасындагы абалды талкуулайт


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун вакциналардын коопсуздугу боюнча эксперттери AstraZeneca препаратынын айланасындагы абалды талкуулайт. Бул жолугушуу 16-мартта өтөт.

Буга чейин Европадагы бир катар мамлекеттер Оксфорд университети менен британдык-шведдик “AstraZeneca” компаниясы биргелешип коронавируска каршы чыгарган вакцина менен өз жарандарын эмдөөнү токтотконун жарыялаган.

Буга вакцина менен эмделген айрым адамдардын тамырында тромб пайда болгону боюнча маалыматтар себеп болду. Бирок AstraZeneca компаниясы жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул маалыматтар далилдене электигин айтып, вакцинадан баш тартпоого чакырган.

Буга карабай 15-мартта Евробиримдиктеги үч ири мамлекет Франция, Германия жана Италия аталган вакцина менен эмдөөнү убактылуу токтотконун билдирди. Кийинчерээк Португалия, Испания, Латвия жана Словения да дал ушундай чечим кабыл алганы белгилүү болду.

AstraZeneca Британиядагы Оксфорд университетинин адистери менен биргеликте даярдалган. Компания бардык клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн жана дарынын эч кандай зыяны жок экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG