Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

АКШ сенаторлору Орусиянын "Радио Свободага" каршы "чабуулун" айыпташты


 "Эркин Европа / Азаттык үналгысынын" Орус кызматынын кеңсесинде. Москва. 2017-жылдын 16-ноябры.
"Эркин Европа / Азаттык үналгысынын" Орус кызматынын кеңсесинде. Москва. 2017-жылдын 16-ноябры.

АКШнын башкы сенаторлорунун ар башка партиялардан куралган тобу президент Владимир Путинди "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Орус кызматын - "Радио Свобода" мерчемге алуу аркылуу жүргүзүлүп жаткан өлкөдөгү "медиа эркиндигине мамлекет тарабынан каржыланган кол салуу аракеттерин" токтотууга чакырды.

12-марттагы билдирүүсүндө, АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетиндеги демократтар менен республикачылар Орусиядагы медиа чөйрөсүнүн начарлашын жана талаш-тартыштуу “чет элдик агент” мыйзамына таянып, мындагы АКШ каржылаган "Эркин Европа/Азаттык үналгысын" кысымга алуу учурларын баса белгилешти.

Орусиянын медиага көзөмөл кылуучу мамлекеттик агенттиги болуп саналган “Роскомнадзор” мекемеси катаал эрежелерге ылайык жазуу жана берүү материалдарын эн тамга менен белгилебегендиги үчүн деген жүйөө менен "Радио Свобода" медиа мекемесинин жаңылыктар кызматтарына 260 иш козгоду. Москва соту буга чейин эле 142 иш боюнча жалпы көлөмү 1 миллион долларга жакын айып пул салган.

Сенаторлор Крис Кунс (демократ, Делавэр), Митт Ромни (республикачы, Юта), Марко Рубио (республикачы, Флорида) жана Сенаттын Эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Боб Менендес (демократ, Нью-Жерси) өздөрүнүн биргелешкен билдирүүсүндө: "Орус жарандык коомун алсыратуу үчүн узак убакыттан бери алпурушуп келе жаткан Кремль азыр катаал мүнөздөгү "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзамдарын шылтоо кылып, Орусиядагы "Радио Свобода" үналгысынын үнүн өчүрүү үчүн сот иштерин жана айып пулдарды колдонуп жатат", – деп жазышты.


Сенаторлор Путиндин бийлигин басма сөз кызматкерлеринин эсенчилигине шек келтирүү менен катар, ЖМКга көзөмөлдү бекемдеп, сынчыларды жазалоо үчүн атайын мыйзамдарды кабыл алды деп айыпташты. "Ушул катаал медиа чөйрөдө" объективдүү журналистиканын жогорку стандарттарына жооп берүүнү көздөө менен, цензураланбаган жергиликтүү жаңылыктарды сунуштоо аркылуу "Радио Свобода" орус элине баа жеткис кызмат көрсөтүп жатат", – деп сенаторлор баса белгилешти.

АКШда “чет элдик агент” мыйзамы тек гана макамды маалымдоо үчүн колдонулса, Орусиядагы ушундай эле аталыштагы мыйзамдар иш жүзүндө цензурасыз жана бейтарап маалымат таркаткан жана коомдук ишмердик жүргүзгөн медиа каражаттарын жана өкмөттүк эмес коомдук уюмдарды жазалоо үчүн колдонулуп жатат. (TT)

XS
SM
MD
LG