Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Лукашенко Тергөө комитетинин төрагасын алмаштырды


Лукашенко Тергөө комитетинин жаңы башчысын дайындады. Минск, 11-март 2021-жыл
Лукашенко Тергөө комитетинин жаңы башчысын дайындады. Минск, 11-март 2021-жыл

Александр Лукашенко Беларустун Тергөө комитетинин башчысын жана бир катар жетекчилерди алмаштырды.

Лукашенконун басма сөз кызматы 11-мартта билдиргендей, Иван Наскечивтин ордуна буга чейин башкы прокурордун орун басары болуп иштеген Дмитрий Хара дайындалды. Ал 9-августтагы президенттик шайлоодон кийин тутанган демонстрацияларда күч түзүмдөрүнүн зомбулугунан жабыркаган карапайым адамдардын арыздарын текшерген мекеме аралык комиссияны жетектеген.

Шайлоону өлкөнү 1994-жылдан бери бийлеп келаткан авторитардык Лукашенко жеңгени расмий жарыяланганы менен оппозиция жана Батыштын айрым мамлекеттери жыйынтыкты тааныбай келатат.

Миңдеген киши, арасында митингдерди чагылдырган журналисттер кармалып, кээ бирлери соттолду.

Бир нече демонстрант коопсуздук күчтөрүнүн колунан каза тапты. Бирок Хара жетектеген комиссия бир да даттануу боюнча иликтөө баштай элек.

XS
SM
MD
LG