Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Кара-Сууда уулануудан эки адам каза болду


"Тез жардам" автоунаасы. Иллюстрациялык сүрөт.
"Тез жардам" автоунаасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылындагы уулануунун себеби текшерилүүдө.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мамирасул Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, уулануудан кийин 50 жаштагы аял Нариман ооруканасында 10-мартта кайтыш болду. Ош шаарындагы ооруканада жаткан дагы бир бейтап 11-мартта оорусу өтүшүп кетип каза тапты.

"6-мартта Нариман айылынын тургуну 60 жылдык маарекесине арнап той өткөргөн. 7-8-9-март күндөрү тойго келген кишилерде уулануунун белгилери болгонуна карабай үйлөрүндө өз алдынча дарыланып жүрө беришкен. 9-март күнү той ээси Нариман аймактык ооруканасына жаткырылган», - деди Мамирасул Өмүрзаков.

Саламаттык сактоо министрлиги азыр ууланган он киши ооруканада экенин маалымдады.

2-мартта Аксы районунда алты киши спирттен ууланып каза тапкан. (DU)

XS
SM
MD
LG