Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Рим папасы Иракта шиит лидерлеринин бири Систани менен жолугушту


Рим папасынын Ирактагы сапары. 6-март.
Рим папасынын Ирактагы сапары. 6-март.

6-мартта Рим папасы Франциск белгилүү шиит лидерлеринин бири аятолла Али ас Систани менен тарыхый жолугушуу өткөрдү. Буга чейин Рим папасы Иракта бир да жолу болгон эмес.

Жолугушуу Нажаф шаарында болду. Жабык өткөн жолугушуудан кийин ас Систани Ирактагы христиандар башка ирактыктар менен бирдей укуктарга ээ экендиги жөнүндө баяндама жасады.

Иракта православдар, католиктер жана башка христиандар бар. Алардын жалпы саны бир кездери 1,4 миллиондой болгон. Учурда 300 миңдин тегерегинде. Мунун негизги себеби, 2003-жылы АКШнын мамлекетке бастырып киргенине жана 2014-жылы "Ислам мамлекети" террордук тобунун Ирактын түндүгүн ээлеп алганына байланыштуу.

Рим папасы жекшембиде "Ислам мамлекети" тобунун мурдагы борбору саналган Мосул шаарына да барды.

XS
SM
MD
LG