Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:48

Борбордук аянт менен "Эркиндик" гүлбагында митинг өткөрүүгө тыюу салынды


"Баштан башта" кыймылы демилге кылган тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келе жатат.
"Баштан башта" кыймылы демилге кылган тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келе жатат.

Бишкектин “Ала-Тоо” жана Турдакун Усубалиев аянтында жана Эркиндик бульварында 22-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды.

Биринчи май райондук соту жергиликтүү бийликтин сунушун канааттандырды. Бул тууралуу sot.kg парталында кабарланды.

Буга чейин Биринчи май райондук администрациясы шаарда ар жекшемби сайын өткөрүлгөн митингдер жашоочуларын "тынчтыгын бузууда" деп сотко кайрылган. Райондук бийлик митингдерди Максим Горький гүл багында өткөрүүгө уруксат берди.

8/365 кыймылынын активисттери чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылышканын юрист Евгения Крапивина “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Алар ар бир жаран тынч жыйындарга чогулууга укугу бар экенин белгилеп жатышат.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келе жатат. Ошондой эле активисттер 8-март аялдардын укугун коргоо эл аралык күнүнө байланыштуу жүрүш өткөрүүнү пландап жатышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG