Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:44

Вашингтон улуттук коопсуздук стратегиясын жарыялады


Президент Жо Байдендин администрациясы улуттук коопсуздук стратегиясын жарыялады. Документте “Кытай, Орусия жана башка авторитардык мамлекеттер менен атаандаштык өсүп жатканы” белгиленген.

Орусия өзүнүн глобалдык таасирин кеңейтүүнү максат кылганы жана дүйнөлүк аренадагы нормаларды дестабилдештирүүгө аракет көргөнү айтылат.

Кытай менен катар Орусия да АКШны аласыратууга көптөгөн ресурстарын жумшаганы белгиленгени менен негизги атаандаш деп Бээжин сыпатталган.

Документте айтылгандай, Кытай экономикалык кубатын, дипломатиялык аракеттерин, аскердик жөндөмүн жана технологияларды колдонуу менен эл аралык стабилдүү системага коркунуч жарата алат.

Стратегияда авторитаризм азыр дүйнөлүк тренд катары өнүккөнү, демократияга, АКШнын союздаштарына коркунуч туудурганы жана демократиялык принциптерди коргоо зарылдыгы баса белгиленет.

Документте Вашингтондун тышкы саясаты бардык америкалыктарга кызмат кылышы керек экенине басым жасалып, дүйнө алкагында расизм жана дискриминацияга, климаттагы өзгөрүүлөргө каршы күрөшкө өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылат.

XS
SM
MD
LG